Биз менен байланышыңыз

Илим жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу талкууланды

Кыска кабар | 24 Ноя 2021 | 392 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Анын курамына илим, экономика жана инновациялар тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

Жолугушууда илимдин таасирин жогорулатуунун актуалдуу маселелери, механизмдери, ошондой эле илим жана инновациялар жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, аны ишке ашырууга мүмкүн болгон кадамдар боюнча маалымат угулду.

Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле илим чөйрөсүндөгү көйгөйлүү аспектилерди да талкуулап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө ата мекендик илимдин салымы жетишсиз экенин белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында кеңештин мүчөлөрү тарабынан илимди өнүктүрүүгө болгон мамилени жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлер айтылып, буга байланыштуу тиешелүү чечим долбоору түзүлдү.

Жакын арада Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM