Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун Москвага сапарынын максаты жана натыйжасы

Саясат | 23 Ноя 2021 | 2386 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвага болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Орусиянын президентинин администрация башчысы Антон Вайно жана «Газпромбанк» акционердик коомунун жетекчилери менен жолукту. Жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелер каралганы айтылды. Жапаровдун Москвага жасаган сапарынын мааниси кандай жана максатына жеттиби? Алдыда кененирээк токтолобуз. 

Москва шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушту. Анда буга чейин мамлекет башчыларынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргызстанда билим берүү мекемелерин куруу боюнча долбоорду эртерээк баштоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жапаров Орусия бийлигине үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта өлкөлөр аралык үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү боюнча кабыл алган чечими үчүн жана «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы түрүндөгү гуманитардык жардамдын жеткирилиши үчүн ыраазычылык билдирди.

Орусия эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жана биргелешкен долбоорлор менен толуктап, жаңы жана жогорку деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин Михаил Мишустин айтты.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбайдын пикиринде, Кыргызстан экономикалык оор абалды калыбына келтирүү үчүн Орусия менен болгон кызматташтыкты бекемдеп, унутулуп кетпей, дайыма байланышта болуп турушу керек.

Акылбек Жапаровдун жумушчу сапары экономикалык жана саясий жактан туура, анткени ар бир нерсени тактап, берген убадаларды аткарууга шарт түзөт.

«Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Ошондуктан ири чоң мамлекеттердин биздин экономикабызга инвестиция салганы, учак каттамын көбөйткөнү да маанилүү. Бул социалдык жактан да керек, анткени мигранттар ары-бери учуп, товар алмашуу жүрөт. Мүмкүнчүлүк болсо, алыстабай жолугушуп туруу керек. Жумушчу сапар менен көп маселелерди чечип койсо болот. Эки өлкө ортосунда көп келишим түзүлгөн. Мисалы, мектеп куруу боюнча. Ал пандемия учурунда токтоп калган болсо, эми аны кайра жандантуу маселеси бар. Бир чети бизде өкмөт да туруктуу болбой жатпайбы. Мисалы, Билим берүү министрлиги бир нече жолу алмашты, бул алмашуулар учурунда суроолор пайда болуп калат. Мына ошол маселелерди чечип келишти, мындан ары да сүйлөшүүлөрдү улантып, инвестицияларды тартуу керек». 

Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин салык жана бажы системасын санариптештирүү, анын ичинде салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда заманбап дата-борборду түзүү зарылдыгын белгилешкен. Экономика министринин мурунку орун басары Эльдар Абакиров бажы системасын жана салыкты санариптештирүү жагынан Орусиядан жардам сураганын колдобой турганын билдирди.

«Бажы жана салыкты санариптештирүү боюнча Орусиядан жардам сураптыр, ал жагын колдобойт элем. Анткени бизде өзүбүздүн күчтүү программист-эксперт балдар бар. Ошолордун күчү менен деле ишке ашырса болот, бирок негедир биздин Өкмөт аларды жардамга чакырбайт жана жумушка албайт. Жалпысынан биздин мамлекетте: «Биз эми өзүбүздү-өзүбүз багып кеткен өлкө экенибизди далилдешибиз керек», — деген сөз болду да. Эми сыртка чыкканда иш жүзүндө ошону тастыктоо, ички экономика менен алышуу, ички ишкерлерди күчтөнтүү керек эле. Ошол тармакта иш жасап, инфратүзүмдү жакшыртуу зарыл. Бирок негедир ал жөнүндө сөз болбоптур. Кыргызстан менен экспорт-импорт алакасын, Орусияга болгон экспортту кантип көбөйтсө болот, ишкерлерге Орусия тараптан кантип инвестиция чакырсак болот, мигранттар менен мамиле түзүү, пенсиялык реформа, мигранттардын акчасын инвестиция катары экономикага киргизүү, булар боюнча негедир сөз болбоптур».

Быйыл тогуз ай ичинде Кыргызстан менен Орусиянын товар жүгүртүү көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 38%га өскөнүн Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Акылбек Жапаров менен Москва шаарында жолукканда айтты.

«Орусия — Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөшү. Январь-сентябрь айларында биздин өз ара соодабыз 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 38%га өсүп, 1,7 млрд доллардан ашты. Кыргызстанда энергетика, тоо-кен жана телекоммуникация тармагында орусиялык ири компаниялар иштейт. Өнөр жай, айыл чарба, машина куруу, радиоэлектрондук өнөр жай тармагында чоң мүмкүнчүлүктөр бар».

Эксперттердин айтымында, товар жүгүртүүдө эгерде Кыргызстандан Орусияга болгон экспорттун саны өссө, экономикага пайдалуу боло турганын, ал эми Орусиядан даяр товарлардын Кыргызстанга импорту өссө, анын анчалык пайдасы жок экенин белгилешет.

Кыргыз-орус мамилесинин акыркы убакта солгундап жатканын белгилеген серепчи Нурбек Муктар товар жүгүртүү көрсөткүчүнүн өскөнүн товарлардын баасынын кымбатташы менен түшүндүрдү.

«Келген товарлардын баарынын баасы кымбаттап кетпедиби. Мисалы, бензин, дизель отуну кымбаттады. Бажыдан өткөндө товар канча сомго келди, статистикасын ошого жараша алышат. Кумшекер, ун, суу май кымбаттады. Сырттан келген бардык товар кымбаттады. Нефть болсун, жыгач болсун, темир болсун, бүт баарын сырттан алабыз, алардын баасы эки эсе кымбаттады. Ошого жараша бажыдан өтүп келе жатканда эки эсе кымбат жазат да. Статистикага ушунча сандагы, ушунча млн долларлык товар деп жазат. Ошого жараша импорт жана экспорт көтөрүлүп кетти».

Жалпысынан акыркы жылдарда Кыргызстан менен Орусиянын соода көлөмү өскөнү айтылат. Мисалы, 2016-жылы соода жүгүртүү 1,2 миллиард доллардан азыраак болсо, 2019-жылы дээрлик 1,9 миллиард долларга жеткен. Бирок 2020-жылдын 10 айында өлкөлөр аралык соода жүгүртүү көлөмү 1,2 млрд доллар болгон. Негизинен Кыргызстанга Орусиядан отун, мунай өндүрүмү, жашылча-жемиш, өсүмдүк майы, эгин, ун азыктары жана башка нерселер келет.

Copyright © 2017 Maral FM