Биз менен байланышыңыз

Президент карапайым элдин арасында да душмандары бар экенин айтты

Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 1646 | 0

Менин душмандарым бийликте эле эмес, карапайым элдин арасында да бар. Мындай пикирин 22-ноябрда президент Садыр Жапаров Сокулук районунун «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда айтты.

Ал көмүр маселесин мисал келтирип:

«көмүрдүн баасын түшүргүлө деп, бир ай какшап сурандык, бир машинадан он-он беш миң таза киреше тапсаң да жетет дедик. Жок, сөзсүз миң доллар таза киреше табышы керек экен. Анан айла кеткенде өкмөт колго алып туруп, бааны 3 миң сомго түшүрүп салдык, 100-200 айдоочу ишсиз калды. Ушундай да болуп жатат», — деп айтты Садыр Жапаров.

22-ноябрда президент Чүй облусунун Сокулук районунун «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары менен жолугушту. Тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келишкенин, конушта мектеп, оорукана, бала бакча жок экенин, ошондой эле жол жана көрүстөн маселелери курч турганын айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM