Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Өкмөттүк эмес уюмдардын тышкы каржылоосу ачык болууга тийиш

Кыска кабар | 15 Ноя 2021 | 534 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Жергиликтүү жана глобалдык коомчулук лидерлери: Кыргыз бийлигинин, инклюзивдик бизнестин жана жарандык коомунун өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү реформаларды илгерилетүү боюнча өнөктөштүгү» аталышындагы улуттук диалогунун кеңешмесине катышты.

Эдил Байсалов белгилегендей, Министрлер кабинети жарандын укугун жана эркиндигин толугу менен камсыздайт. Бардык аткаруу бийлиги бейөкмөт сектору менен кызматташууга даяр. Ошол эле учурда анын натыйжалуулугун жана ийгилигин камсыздай ала туган бир нече маанилүү шарттар жана принциптер бар.

«Биринчиси, бейөкмөт уюмдар ак ниет жана узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуусу жана тирешүүдөн четтеши керек. Экинчиси, бейөкмөт уюмдар чечимдерди кабыл алуу процессине институционалдык катышуу формасынын каналын, тактап айтканда, ченемдик-укуктук актылардын жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоого жана коомдук талкуулоодо активдүү пайдаланышы керек» , — деди Байсалов.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары билдиргендей, мамлекет бейөкмөт уюмдарды колдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен ресурс бөлүп берет. Тактап айтанда, келерки парламент тарабынан карала турган алгачкы мыйзам долбоорунун бири катары мамлекеттик заказ тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү болот, бул ар кыл коомдук уюмдарды толук кандуу колдоого мүмкүндүк берет.

«Мындан ары коноктор башкаларды бөлүп-жарууга алып барган абалга жол берилбейт. Жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын тышкы каржылоосу мамлекеттик органдар үчүн ачык жана отчеттуу болууга тийиш. Эгемендүү мамлекет катары биз улуттук мыйзамдарыбыздын толук сакталышын талап кылабыз жана бардык эл аралык өнөктөштөрүбүздөн ички карама-каршылыктарды курчутууга жана коомду конфронтацияга алып барууга, кандайдыр бир социалдык көйгөйлөрдү аң-сезимдүү же эрксиз түрдө стимулдаштырууга эч кандай жол берилбешин талап кылабыз. Көзкарандылык синдромуна чекит коюуга убакыт келип жетти», — деди Эдил Байсалов.

Copyright © 2017 Maral FM