Биз менен байланышыңыз

Жапаров көмүр, бензин, ыш маселеси боюнча тапшырмаларды берди

Кыска кабар | 15 Ноя 2021 | 522 | 0

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кеңешмесин өткөрдү. Жыйында төрага өкмөттүн ишинин натыйжасын арттыруу маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле ал мамлекеттик органдардын көмүргө болгон бааны төмөндөтүү жана калкты көмүрдүн жетиштүү көлөмү менен камсыз кылуу, күйүүчү-майлоочу май менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын айтты.

Министрлер кабинетинин башчысы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги астында борбордогу ыш маселесин көтөрүп, муниципалитет менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүүдө ишти жакшыртууну тапшырды.

Айыл чарба министрлигине келерки жылдын январь-февраль айында өлкөдөгү жазгы талаа иштерине карата күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо, ошондой эле сугат суу маселесин чечүү боюнча ишти баштоону тапшырды.

Акылбек Жапаров кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү шайлоонун үгүт процессине кийлигишпей турганын дагы бир ирет эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM