Connect with us

Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 295 | 0

Президент Садыр Жапаров «2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Бул макулдашууга ылайык, жогоруда аталган академиянын бюджетинин отчеттуулугу жана аткаруусу, каржылоо булактары аныкталат.

Академия түрк маданияты менен мурастарын сактоо, изилдөө жана жылдыруу үчүн иш-чараларды, долбоорлор жана програмаларды колдоого алып жана каржылайт.

Түрк маданияты жана мурастарын калыбына келтирүү жана илгерилетүү, коргоо жана калыбына келтирүү максатындагы илимий жана техникалык, каражат бөлүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM