Биз менен байланышыңыз

Марат Иманкулов Ооганстандагы кырдаал боюнча жыйынга катышты

Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 259 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Индиянын Нью-Дели шаарында Ооганстандагы кырдаал боюнча үчүнчү аймактык диалог жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Жыйында терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча пикир алмашуу болгон. Ага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери, Коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.

Ооган маселеси мындай форматта биринчи жолу талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында кырдаалдын контекстинде мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча Дели декларациясы кабыл алынды.

Масадыков: Кыргызстан «Талибан» өкмөтүн тааный элек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM