Биз менен байланышыңыз

Масадыков: Кыргызстан «Талибан» өкмөтүн тааный элек

Кыска кабар | 4 Ноя 2021 | 1244 | 0

Кыргызстан «Талибан» өкмөтүн таануу тууралуу маселени карай элек. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков 4-ноябрда өткөн тегерек столдо билдирди.

Бишкекте бүгүн эл аралык эксперттердин катышуусунда Ооганстандагы кырдаал талкууланып жатат.

«Кыргызстан Ооганстандагы «Талибан» тобун тааный элек.  Бирок биз Ооганстан менен диалог жүргүзүшүбүз керек. 23-сентябрда Кабулда болдук. Өткөн жумада мен дагы барып келдим. Ал жакта ооган өкмөтүнүн жана күч органдарынын өкүлдөрү менен жолугуштум», — деди Масадыков.

«Талибан» — Кыргызстанда тыюу салынган уюм.

Аталган топ быйыл 15-августта Кабулду өз карамагына өткөргөндөн кийин өлкөнүн дээрлик бардык аймагына үстөмдүгүн орноткон. 7-сентябрда жаңы өкмөттүн курамын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM