Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров ОшМУнун ректорун кызматынан бошотту

Кыска кабар | 10 Ноя 2021 | 927 | 0

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрук менен бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Кызматтан алуунун себеби катары президент Садыр Жапаров ушул жылдын 1-ноябрында кол койгон №512 «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткарбаганы көрсөтүлгөн.

Буйрук Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрда берген № 1125 чечим-сунушунун негизинде чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM