Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан үч бейтап каза болду

Кыска кабар | 10 Ноя 2021 | 231 | 0

Кыргызстанда 10-ноябрга карата коронавирус дагы 46 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 28, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 10 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 69 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 583 бейтап, амбулатордук түрдө 778 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 982 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 392 киши айыгып чыкса, 2 миң 694 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM