Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун лидери кармалды

Кыска кабар | 9 Ноя 2021 | 211 | 0

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында түштүк аймак боюнча «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун лидери кармалды.

Кылмышка шектүү Өзбекстандагы «Хизбут-Тахрир” уюмунун жооптуу адамы катары Кыргызстандын түштүк аймактарында өзүнүн санаалаштары менен көмүскө иштерди жасап келген. Ага Өзбекстандын күч түзүмдөрү издөө жарыялаган.

Айтылган Ш.Ш. аттуу жаран 4-ноябрда Ош шаарынын аймагынан кармалды.

Такталган маалматка ылайык, кармалган Ш.Ш. жасалма документи менен Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөнү аныкталган.

Топтолгон далилдердин негизинде кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM