Биз менен байланышыңыз

Президент: Эл аралык кызматташтыктын жаңы этабы башталды

Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 227 | 0

Бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан олуттуу кайра жаралуулар бизге кызматташуу жана гармониялуу өнөктөштүк, өз ара бакубаттык аркылуу дагы конструктивдүү мамилелерди курууга мүмкүнчүлүк ачып жатат жана биз мындай өнөктөш мамилелерди куруу үчүн жаңы форумубуздун потенциалын колдонууну сунуштайбыз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда,»Европа Биримдиги — Борбордук Азия» биринчи эл аралык экономикалык форумунда билдирди.

Садыр Жапаровдун пикиринде, Борбордук Азия чөлкөмү соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык үчүн жылдан жылга жагымдуу шарт түзүүдө.

«Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 1993-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы 45 миллиард долларды түзсө, 2019-жылы 8 эсеге өсүп, 347 миллиард долларга жеткен; бул сумма 2030-жылга карата дээрлик эки эсеге көбөйүп, болжол менен 610 млрд долларга чейин жетет деп күтүлүүдө. Муну менен баалуулук да, таза экономикалык аспектилер да Евробиримдиктин өлкөлөрү менен келечектүү кызматташтыкты куруу үчүн өбөлгөлөрдүн бар экендигин тастыктайт» , — деди президент.

Президент жакында эле Глазго шаарына климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитке катышып келгенин белгилеп, 2050-жылга чейин Кыргызстан жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыла турганын айтты.

Садыр Жапаров билдиргендей, санариптештирүү маселесинде системалуу түрдө алдыга жылып жатабыз. Башка нерселер менен катар, COVID-19 пандемиясы биздин өлкөдө маалыматтык технологияларды киргизүүнү тездетти.

Президент Кыргызстандын ИДПсында чакан жана орто бизнестин үлүшү 40%га жакын экенин белгилеп, бирок ошол эле учурда өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи.

«Быйылкы жылы инвесторлордун ишенимин арттырууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүүгө, анын ичинде менчикти коргоого багытталган бир катар токтомдор чыгарылганын белгилеп кетким келет, аны менен катар экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу каралган. Мындай мамиле өлкөбүздүн либералдык мыйзамдары бар демократиялык мамлекет катары мындан ары да өнүгүп баратканын күбөлөндүрөт», — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM