Биз менен байланышыңыз

СOP26: Дүйнө лидерлеринин бейрасмий сүрөттөрү

Блог , Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 462 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитине катышууда. Ага 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга келди.

Бүгүн, 2-ноябрда президент Садыр Жапаров Глазго шаарындагы дүйнө лидерлеринин Саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасады. Анда мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн сактап калуу маанилүү экенине көңүл буруп, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине токтолду.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда Глазго шаарында БириккенУлуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитинин ачылышына катышты. Ушул эле иш сапардын алкагында президент чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушту.

Copyright © 2017 Maral FM