Биз менен байланышыңыз

Алты айда шайлоочулардын саны 92 миң жаранга көбөйдү

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 239 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин жарыялады. Ошондой эле бардык 2494 шайлоо участогуна, анын ичинде өлкөдөгү 2435 жана чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо участогуна илинип, tizme.gov.kg сайтына жайгаштырылды.

Тизмедеги бирдиктүү округдагы шайлоочу 3 млн 699 миң 46 адам, бир мандаттуу округдагы шайлоочу 3 млн 621 миң 751 адам болгон.

11-апрелде өткөн референдумдан бери шайлоочулар дагы 92 миң 845 жаранга көбөйгөн. Шайлоочулардын тизмесин тактоо ушул жылдын 19-сентябрында башталган жана 12-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Акыркы тизме шайлоого он күн калганда, 18-ноябрда «Тизме» порталына жайгаштырылат. Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда же шайлоочулар тизмесинен атың табылбаган учурда 12-ноябрга чейин паспорттун көчүрмөсүн тиркеп, маалыматтарды тактап алуу үчүн арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга болот. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт. Арызды электрондук форматта tizme.gov.kg сайтынан «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Бекматов: Добуштардын купуялуулугуна толук шарт түзөбүз

Copyright © 2017 Maral FM