Connect with us

Бекматов: Добуштардын купуялуулугуна толук шарт түзөбүз

Блог , Маек | 29 Окт 2021 | 1954 | 0

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Үгүт иштери бүгүн, 29-октябрдан башталып, 27-ноябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин уланат. Парламенттик шайлоонун бул жолку өзгөчөлүктөрү жана алдыдагы үгүт иштери тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов менен маектештик.

— БШК парламенттик шайлоого катышууну каалаган канча партияны жана бир мандаттуу округдан канча талапкерди каттоодон өткөздү?

Кечээ бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлерди жана партиядан көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоо аяктады. Ага ылайык, 321 талапкер бир мандаттуу шайлоо округунан каттоого алынды. Бир округдан эң көп 18 талапкерге чейин, эң азы үч талапкер катталды. 21 саясий партия өздөрүнүн сьездинде бекиткен талапкерлеринин тизмесин БШК каттоого алды. Эми мындан ары шайлоо процессиндеги негизи этап болгон үгүт иштери башталды. Бул өнөктүк 27-ноябрь, эртең мененки саат 8:00гө чейин жүргүзүлөт.

— Үгүт жүргүзүүнүн жол-жоболору кандай?

Анын жол-жоболору талапкерлер жана партиялар массалык маалымат каражаттары, интернет басылмалар аркылуу кайрылууларды жасашы мүмкүн. Ошондой эле мамлекет тарабынан акысыз эфирдик убакыттар жана басылма аянттары да мамлекеттик телерадио компаниялары жана мезгилдүү басылмалары тарабынан берилет. Андан сырткары 243 субьект шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн БШКдан атайын аккредитациядан өтүп, даяр турушат. Алар саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге кенен аянтча болуп берет деген ишеничибиз бар. 243 субьекттин ичинде 51 телеканал, 29 радио, 98 интернет басылмасы, калгандары газета-журналдар болуп саналат.

— Быйыл добуш берүүнүн купуялуулугу сактала турганы айтылып жатат, ал кантип сакталат жана жаңы шайлоо системасы кандай өзгөчөлүктөргө ээ?

Купуялуулугу сакталганы — биздин автоматтык эсептегич урналар эч бир интернет жана башка нерселер менен туташтырылган эмес. Автономдуу иштейт. Ошондуктан анын купуялуулугун шайлоо комиссиялары да көзөмөлгө алып, купуялуулугуна толук мыйзамдуу шарттарды түзөбүз. Жол-жоболордо болсо, мечит, медресе, чиркөөлөрдө, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле аталган мекемелерден 100 метр жакын жерде жолугушууларды өткөзүүгө, үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат. Мындан сырткары өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал анчалык жакшы эмес экенин эске алып, талапкерлер жана саясий партиялар үгүт жүргүзгөндө, катышуучулардын баарын сөзсүз түрдө жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылып, санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүүсүн эскертип жатабыз.

— Эгерде үгүт жүргүзүү учурунда мыйзам бузуулар байкалса, кимге кайрылуу керек?

— Ар бир округдук шайлоо комиссиясында милиция, прокуратура, УКМК кызматкерлери жана шайлоо комиссияларынан турган ыкчам чара көрүү топтору түзүлгөн. Шайлоо өткөрүүнүн бардык этаптарында мыйзам бузуулар байкалган болсо, шайлоочулар, талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тиешелүү маалыматтар жана далилдер менен бериши керек. Аларды чечүүнүн жолдорун да жеңилдеттик. Мурдагыдай каттарды жиберип, жообун күтүп отурбай, азыр укук коргоо органдарынын катышуусу менен жеринде тиешелүү далилдер түзүлүп, чаралар көрүлөт. БШКнын алдында да ыкчам чара көрүүчү координациялык топ түзүлгөн. Алар учурда күнү-түнү иштеп жатышат. Мындан сырткары 1255 кыска номерине билдирүү жиберсе болот. Округдук шайлоо комиссияларындагы ыкчам чара көрүү топторунун сайтыбызда телефон номерлери бар. Аларга маалыматтар менен кайрылуу керек. Шайлоону таза өткөрүү үчүн бир гана БШК эмес, жалпы шайлоочулар да аракет кылышы керек.

— Шайлоочулардын саны канча болуп катталды, мурдагыдан өстүбү?

2015-жылдагы шайлоочулардын тизмесине караганда саны дээрлик 1 миллионго өстү. Анда 2 млн 700 миңден ашуун шайлоочу болсо, бүгүнкү күнү 3 млн 700 миңден ашуун шайлоочу бар. Бул цифралар 6 жылда шайлоочунун саны көбөйгөнүн көрсөтүп турат. Бул бир жагынан табигый өсүш болсо, экинчи жагынан саясий компанияларга шайлоочулардын активдүүлүгүнүн артып жатканын көрсөтүп турат. Ар бир шайлоо округдарында жана бирдиктүү шайлоо округдары боюнча тизмелер, көзөмөл тизмелер түзүлүп, маалыматтык сайтыбызга чыгат. Андан кийин шайлоого 10 күн калганда шайлоочулардын акыркы тизмеси чыгарылып, жер-жерлерге, шайлоо тилкелерине жеткирилет.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM