Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, дагы 116 адамдан табылды

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 341 | 0

Кыргызстанда 29-октябрга карата коронавирус дагы 116 адамдан аныкталды. Бул тууралуу COVID-19 боюнча республикалык штаб билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 54, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 91 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 708 бейтап, амбулатордук түрдө 718 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 105 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 493 киши айыгып чыкса, 2 миң 666 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM