Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 28-ноябрга чейин парламентте төраганын милдетин аткарат. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында кабарланды.
Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жатканына байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруу вице-спикерге жүктөлгөн.
Талант Мамытовду Борбордук шайлоо комиссиясы 24-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетпегендигине байланыштуу талапкер катары каттаган эмес. Мындан улам ал сотко кайрылган.
28-октябрда Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарган.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.
29-октябрдан тарта үгүт кампаниясы башталды.