Биз менен байланышыңыз

Нейробиолог Даниел: Кыргызстандын илимий чөйрөсүндө кемчиликтер бар

Блог | 10 мая 2024 | 989 | 0

Даниел Кимсаналиев учурда Венгриянын Будапешт шаарында «Молекулярдык биология жана нейробиология» факультетинде докторантурада окуйт. Ал жакка 2022-жылы «Stipendium Hungaricum» программасы менен гранттык негизде тапшырган. Будапештте окуусун улантуу менен биргеликте окуп жаткан университетте изилдөөчү болуп иштейт. 

«Айылдын тиричилиги менен алектенип чоңойгон, айылдык эле баламын»

Мен Жалал Абад облусунун,Сузак районунун, Тейит айылынан болом. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусумун. Менден кичүү иним жана эки карындашым бар. Учурда ата-энем жана бир туугандарым айылда турушат. Айылдын жумуштары менен алек. Бул айылда менин жаштыгым, таттуу балалыгым өткөн. Айылдык жигитмин. Ар бир айылдык бала сыяктуу эле баткакка батып, мал багып, талаада эле чоңойгонмун. Чоң атам, чоң энемдин баласы болчумун. Алар бизди эмгекке, жалкоо болбоого үйрөткөн эмгекчил инсандар эле. Мени айылда чоңойгон жердештер жакшы түшүнсө керек

«Мектеп биздин айылдан 2-3 чакырым алыс болчу»

Биздин айыл кичинекей болгон үчүн мектеп жок болчу. Аралыгы 2-3 чакырым алыстыктагы болгон кошуна айылга барып окуйт элек. Кыш-жаз, суук-ысык дебей, жөө басып барып, кайра жөө келип окудук. Ал мектеп азыр да иштеп жатат. Арадан 18 жыл өткөнүнө карабай дал ошол бойдон, ошол абалында турат. Дал ушул мектепте 1-класстан 7- класска чейип окуп, андан кийин кудайдын буйругу менен Жала-Абад шаарындагы лицейге өтүп, ошол жерден билимимдин пайдубалын курдум. Лицей жатак мектеп болгондуктан дүйшөмбүдөн жумага чейин 5 күн лицейдин короосунан сыртка чыкмай жок. Таңкы саат 08:00ден кечки 18:00гө чейин окуу, окуу бүткөндөн кийин кайра эле эртеңки күндүн тапшырмасын даярдоо менен өтчү. Лицей бизге бир эле билим берүү менен гана чектелбестен, тарбия берип, дүйнө таанымыбызды ар тараптуу кеңейтти. Патриоттуулукту, ата-мекенге, ата-энеге болгон сүйүүнү бышыктоого жана эң башкысы инсандык баалуулуктарды баралына жеткире табиятыбыз менен жуурулуштурду десем жаңылышпайм. Үрөндү деле жакшы жерге себиш керек эмеспи, дал ошондой туура жерге себилип калганыма жаратканга дайым шүгүр кылам.

«Чоң энем мени «Балам чоңойгондо профессор болот» — деп айтчу»

Ар бир үйдө кичинекей кезибизде «врач болосуң же президент болосуң» деген сөз болот эмеспи. Биздин үй-бүлө да ошол катарды толуктайт. Мени врач болосуң, элдерди даарылайсың, адамдарга пайдаң тиет дешчү. Тээ кичинекей кезимен чоң энемдин кучагында чоңойдум. «Менин балам келечектте профессор болот»,- деп үмүт кылчу. Периштелер да оомин деген окшойт (Даниел жылмайып эскерди). Деги эле баланын келечектеги тандоолоруна, багыт алуусуна ата-эненин же жалпы эле чоңойгон чөйрөсүнүн таасири чоң да. Ошентип үйдөгүлөрдүн айткандарына кулак салып, дарыгер болом деген кыялды көөдөнүмдө багып баштадым.
Лицейде 8-класстан баштап окуучуларды атайын тандап алып, ар бир предмет боюнча олимпиадага даярдай баштайт. Анын жыйынтыгын азыркы күндө республикалык, дүйнөлүк олимпиадалардагы ийгиликтер көрсөтүп жатпайбы. Баштап окуучулар арасында атайын сынак жүргүзүп, алдыңкы окуучуларды олимпиадистердин катарына кошушат. Биздин үй мектепке жакын болгондуктан, жума сайын чоң атам унаасы менен алып кетчү. Ошентип сынак болор жума да кетип, тестирлөөгө катыша албай калгам. Сынакка катышпаган соң, олимпиадист болуу да мүмкүн эмес эле. Мен да олимпиадага катышууну каалап, биология жана химия сабагынан берген агайлардан сурансам, кабыл албай койгон. Мен да ага өчөшүп, өз алдымча окуй баштадым. Олимпиадага барчу окучуулар менен жарышып окуп, алардан да жогорку баллдарды алгандыгыма карабай олимпиадист болуу маңдайымда жок экен. Ошентип изденип жүрүп, аябай кызыгуудан улам,11-класска келгенде дарыгер болуу деген ойдон кайтып, биология мугалими болом деген максатка өттүм. Бул оюмду ата-энеме айтканда албетте каршы болушту. «Ушуга чейин дарыгер болом деп, эми мугалим болом дейсиңби?»-деп да айтышты. Бирок ошол учурда, атамдын айтканы такыр эстен кетпейт. Жашоомдогу эң таасирдүү сабактардын бири болгон. Атам: «Адал эмгек менен үй-бүлөмдү багып кете алам десең, кааласаң араба түртүп иште!» деп айтты. Ушул сөз түрткү болуп, мектепти аяктаганда Кыргыз-Түрк «Манас» универиситетинин, Табигый илимдер факультетине Биология бөлүмүнө тапшырдым. Бирок мектепти аяктап жатканда Түркиянын 3 универиситетине тапшырып, үчөөнө тең кабыл алынгам, бирок ошол учурдагы саясий окуяларга байланыштуу Кыргызстанда калууну туура көрдүм.

«Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Биология бөлүмүнө тапшырдым»

Кыргыз-Түрк «Манас» универисетине тапшырып, Биология бөлүмүнүн 1-курсунун босогосун аттадым. Негизи 1-курска отуруу үчүн, алгач университеттин даярдоо курсун аяктоо керек болчу. Даярдоо курсунда бир жыл бою түрк тилин окутушат. Бирок мен түрк тилин билгеним үчүн, жадакалса дүйнөлүк түрк тили боюнча сынактан медалым да бар эле, туура эле 1-курска отурдум. Группада кыздар көп эле. 30 кыз 5 бала болуп окуу жылын баштап, төртүнчү курсту 19 кыз, 2 бала болуп бүтүрдүк. Бакалавр аябай жемиштүү болду. Окууда көп жетишкендиктерди багындырдым. Түркчө жакшы билгеним үчүн, түрк тилинде 400, 1000 адамдан турган жыйналыштарда алып баруучу болуп да жүрдүм. Көп иш-чараларга катышып жүрүп, универиситеттин алдыңкы студенттеринин катарын толуктап, факультеттин президенти болууга да жетиштим. Бакалаврды да «5» деген баа менен аяктап, кайра эле Кыргыз-Түрк «Манас» универисетинин Биотехнология бөлүмүнө магистратура программасына тапшырган студенттердин эң алдыңкысы болуп окууга кабыл алындым. Магистирдик иштеримди, изилдөөлөрүмдү жалаң түрк тилинде жазгам. Эки кураторумдун жол көрсөтүүлөрү, багыты, колдоолору менен изилдөөмдү аяктап, эл аралык журналга макалабызды жарыяладык. Дипломдук жумушум Кыргызстандын эндемик өсүмдүгү, Баткендин сыймыгы — Айгүл гүлү (Fritillaria eduardii) тууралуу болду. Айгүл боюнча изилдөөлөр жокко эсе деп айтсак да болот. Биздин макалабыз эң алгачкы изилдөө болуп саналат. Максатымда чет өлкөгө чыгып, билимди бышыктоо бар эле. Азыркы тапта докторантураны окуп, ошо менен бирге иштеп жаткан учурум.

«Будапешт шаарында докторантураны (PhD) окуп жана иштеп жатам»

Азыркы учурда Венгриянын Будапешт шаарында «Молекулярдык биология жана нейробиология» багытында докторантурамды улантып жатам. 2022-жылы «Stipendium Hungaricum» деген программанын алкагында, грантка тапшырып, окууга кабыл алындым. Азыркы учурда ушул жакта окуумду улантып жатам. Магистратурада окуп жүргөн кезимде, Манас университетинде да доктарантура программасы ачылып, ал жактагы мугалимдерим ушул жакта эле калууну сунушташкан. Бирок кураторум, Биология бөлүмүнүн башчысы, биология илимдеринин кандидат, доцент Кадырбай Чекиров агайымдын чет өлкөгө чыгып билимиңди бышыктап, тажырайбы топтоп кел деген сунушуна кулак төшөп, чет өлкөдө окуп келүүнү туура көрдүм.

«Чет өлкөгө тапшырууда тил билүү зарыл»
 
Ал эми чет өлкөгө тапшырууда эң биринчи критерий англис тилин билүү жана академиялык жетишкендиктер. Ушул эки талапка жооп берсең жана албетте өзүңдө каалоо болсо, сөзсүз түрдө окууга өтөсүң. Кудай деле аракет кылганга берет.
Окуудан сырктары окуп жаткан универиситетимде кенже изилдөөчү болуп да иштейм. Экөө тең сүйүп кылган жумуш болгондуктан, оюм (фокус) бир жакта болуп, окуу менен бирге сүйүктүү иш менен алек болуп нан табам. Сөзгө камтып кетчү нерсе, чет өлкөдө окуп жатканда, элден кем калбай жүрүү үчүн кошумча иш болгон жакшы. Элдин баары эле социалдык желелерде жашоосунун жакшы гана тарабын гана көрсөтүшөт, бирок тыйындын эки бети бар демекчи, чыныгы жашоо башкача. Чет өлкөгө чыксам жашоом өзгөрүп, бактылуу болуп кетем дегендердин кулагына күмүш сырга болсун.

«Бул кесипти тандоомо кызыгуум жана жөндөмүм себеп болду»

Бул кесипти тандоомдун себеби кызыгуу жана жөндөмдүүлүгүмдө деп эсептейм. Жөндөм дегенде окууга болгон суусоо, кызыгуу жана алган билимиңди кайра адамдарга жеткиликтүү түшүндүрө билүү. Кесип тандоодо эң алгач ата-энеме ыраазымын, мени кыйнап буга тапшыр деп, таңуулабастан эркин койгон. Дегеле айтылып келген сөз бар эмеспи «Адам жашоосунда кесип тандоодо жана өмүрлүк түгөй тандоодо жаңылбоосу керек» деген. Кесипти тандоодо жаратканым жаңылтпаптыр, өмүрүмдүн аягына чейин сүйүп кылган жумуш болуп калат. Ал эми жар тандоодо да кудайым оңунан берсе экен.

Окуумдун артыкчылыктары жана кыйынчылыктарына кайрылсак…

Негизи жумуш деген мурдагы «кул» деген терминдин өзү эле да. Менин жумушумдун өзөчөлүгү мен эч кимдин жумушун жасабайм башкача айтканда бирөөнүн алдында иштебейм, өзүмдүн проектимди ишке ашырып, анын жанында бакалавр жана магистирде окуп жаткар студенттерди окутуп, алардын да академиялык тармакта ишенимдүү кадам таштоосу үчүн көмөктөшөм. Адам сүйгөн жумушун аткарып, анын аркасынан тыйын тапса, энергиянын түгөнүүсү (выгорание) же каалоосуздук деген нерселерден алыс болот. Биздин факультетте 2 гана чет өлкөлүк студент окуйбуз, калгандары бүт мажар (венгр). Кесиптештерим аябай сылык, адамгерчиликтүү адамдар. Баарлашууда өз ара мажар тилинде сүйлөшүп, биз менен англис тилинде сүйлөшүшөт. Өз ара мажарча сүйлөшүп бүткөндөн кийин, биз үчүн атайын англис тилине которуп беришет. Же болбосо «Кечиресиң, уруксат берсең мажар тилинде сүйлөшсөк сага ыңгайсыз болбойбу»,- деп анан сүйлөшүп башташат. Бул албетте көңүл жылытат. Окуунун кыйынчылыктары көп, бир гана аракеттенип, эмгектениш керек. Күнүмдүн көп убактысы лаборатория жана универиситетте өтөт.
Мен үчүн окуу менен жумушту алып кетүү оор деле эмес. Себеби окуум да, жумушум да бир жакта жана бир тармакта.

Ал эми окуу менен жумушту чогу алып кетүүдө магистратурада же бакалаврда окуган студенттердин мисалында карасак туура болот. Аларда диплом жок болгондугуна байланыштуу, көпчүлүгү кара жумушта иштегенге аргасыз болушат. Өзүнүн окуусу менен тиешеси болбогон үчүн, кээ бирлери тыйынга кызыгып, окуусун аксаткандар да жок эмес. Жалпы эле чет өлкөдө мүмкүнчүлүк көп, бакалаврда окуп жатып деле өзүнүн тармагы боюнча компанияларда стажировка тапса болот. Стажировка өтөгөндөргө атайын акча төлөнөт, биздин Кыргызстандагыдай эмес, стажировкага баруу үчүн акча төлөө, барган жериңдеги мекеменин тазалыгын кароо же мекемедегилерге түшкү тамак ташуу менен өтпөйт (күлүп).
Шарттар салыштырмалуу бир топ жакшы.

«Кыргызстандын илимий чөйрөсүндө кемчиликтер бар»

Кыргызстанда академиялык чөйрөнүн, илимдин, билимдин, изилдөө чөйрөсүнүн, лабораториялардын, бул тармактагы илим изилдөөчүлөрдүн абалы баарына белгилүү. Ооба, мурдагыга салыштырмалуу мамлекет тарабынан аз болсо да колдоо болуп жаткандыгына карабастан, биздин өлкөдө мамлекет эле эмес, коом да өгөй баладай мамиле кылат. Көптөгөн жетишпестик, кемчиликтерибиз бар. Бирок шарттын жоктугуна карабай эл аралык илим майданында башкалар тең тайлашып келаткан, үлгүлүү академиктерибиз, изилдөөчүлөрүбүздүн болгону мактоого татыктуу. Чет өлкөгө чыкканда биздин канчалык кемчиликтерибиз, илим тармагында боштуктарыбыз бар экендиги аябай байкалат. Албетте, чет өлкөдөн алган билимимди, тажырыйбамды жаңы ачылыштарды Кыргызстаныбызга алып келип, жаш муунга жеткирүү деген кыялым бар. Мамлекеттин өнүүгүүсү илим менен билимге түз пропорционалдуу эмеспи. Илим-билим өнүксө албетте коом да, мамлекет да өнүгөт. Учурда биздин жаштардын изденип, билим алууга аракет кылганы кубантат. Мындан тышкары көп студенттер чет өлкөдөн билим алып, Кыргызстанга кайтып, тажрыйбасы менен бөлүшсө баары сонун болот деп ишенем.

Венгрияда эл үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн

Венгриянын мага абдан жаккан жери адамдарга түзүлгөн шарттары. Коомдук транспорттордун ыңгайлуулугу. Метро, травмай болсун, баары өз убагында иштеп, каалаган жериңе, каалаган убакта жете аласың. Өзүңдүн автоунааң болгондо, салык төлөө, токтотконго жер издөө деген көйгөйлөр жаралып, жашоо биртоп оорлошо түшөт. Андан сырткары мажарлардын сылыктыгы, маданияттуулугуна суктанам. Эч ким менен эч кимдин иши жок, күнүмдүк жумуштарын кылып жүрө беришет. Сөзгө кошуп кетчү нерсе бир окуяны айта кетейин. Мен жаңы университетте окууну баштап, кураторум лабораторияны көрсөтүп, тааныштырып жатканда микроскоптун айнекчесин көрсөтүп, 3 жолу «Бул айнекчени абайлап иштет, сындырып алба, булар аябай кымбат болот» — деп айткан. Ошол сөздү айткандан 5-6 мүнөт өтпөй эле колуман жерге түшүрүп, сындырып алдым. Коркуп, куратордон тил угамбы деп жатсам, куратор келип «Ден соолугуңа кооптуу эч нерсе болгон жокпу, кабатыр болбо, өзүңдө баары жакшы болсо болду»,- деп айтканда аябай таң калгам. Бул дагы мажарларга болгор сыйымды арттырды.
Анан дагы мени суктандырган бул Венгриянын, Будапешттин кооздугу, архитектуралык, тарыхый өзгөчөлүктөрү. Негизи эле Будапешт аябай кооз шаар. Европадагы чоң дарыялардын бири Дунайдын жээгинде жайгашкан. Кечинде өзүнчө, күндүзү өзүнчө кооз көрүнөт.
Эң биринчи барганда эле таң калычтуу болгону орустар айтмакчы «культурный шок» бул мен үчүн мажарлардын коомдук жайда, аудиторияда, көп адамдын турганына карабай чөнтөгүндөгү сүлгүсүн же бир жолу колдонуучуу бет аарчысын алып чыгып, үнүн катуу чыгарып мурдун бошото берүүсү болду. Бизде бул нерсе уят катары каралат эмеспи, булар үчүн кадыресе  көрүнүш болуп эсептелинет экен. Балдарды кичинекей кезинен ушинтип тарбиялашат. Башында таң калып жүрүп, азыр көнүшүп кеттим.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM