Биз менен байланышыңыз

Айзаданын өлүмү: Шалаакылыкка айыпталган Бишкек шаардык милициясынын мурдагы башчысы акталды

Кыска кабар | 9 мая 2024 | 476 | 0

Бишкек шаарында уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу шалаакылыкка айыпталган Бишкек шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бакыт Матмусаев акталды. Бул тууралуу  Айзада Канатбекованын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов фейсбуктагы баракчасына жазды.

Иш кечээ, 8-май күнү Биринчи май райондук сотунда каралып, чечимди судья Чолпонай Уметалиева чыгарган.

Бакыт Матмусаевдин иши боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүп, “шалаакылык” бернеси боюнча айып таккан. Бирок ал сотто өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай тургандыгын билдирип келген.

2021-жылы 5-апрелде Айзада Канатбекованы топ бала ала качкан. Эки күндөн кийин Канатбекованын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги айылдан табылган. Айзаданы уурдоого катышкан жарандар 6 жарым жылга эркинен ажыратылган.

Copyright © 2017 Maral FM