Биз менен байланышыңыз

Бишкекте соода борборлордун биринде аялын сабаган жаран кармалды

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 127 | 0

Бишкекте соода борборлордун биринде аялын сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

25-октябрда интернет сайттардын бирине видео тарап, анда борбордогу Таш-Рабат соода борборунда эркек киши аялын сабап салганы маалым болгон.

Жерине милиция барганда алар окуя болгон жерден кетип калышкан.

Андан соң күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен 2002-жылы туулган Ж.А. аттуу келин милицияга кайрылган. Анын алган жараатын аныктоо үчүн соттук-медициналык эскпертиза дайындалды.

Жолдошу 1994-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM