Биз менен байланышыңыз

Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын бет ачары болду

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 562 | 0

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 26-октябрда 2021-2026-жылдарга өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын бет ачарына катышты.

Иш-чарага ошондой эле Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, ЕККУ кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов, эксперттер, укук коргоочулар, жарандык коомдун жана ар кыл конфессиянын өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 2021-2026-жылдарга өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын негизги жоболорун кыскача айтып берди. Негизинен, окуу мекемелерине дин таануу жөнүндө сабактарын киргизүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз эли көптөгөн кылым көчмөндөр демократиясы шартында жашаганын жана учурда эгемен Кыргызстанда демократиялык принциптер бекемделип жатканын белгиледи.

Ал дин тутуу эркиндиги өлкөнүн конституциясы тарабынан кепилденгенин, ага ылайык эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү болуп эсептелбесин, ошондой эле ар бир жарандын каалаган динди кармануу же такыр эле карманбоо укугу корголорун кошумчалады.

Иш-чаранын катышуучулары концепцияны ишке ашыруунун негизги багыттарын талкуулашты. Мындай иш-чараны Ош шаарында да өткөрүү пландалууда.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров «2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлык элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM