Биз менен байланышыңыз

Максат айылында үйлөрдүн курулушуна капсула салынды

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 529 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимов Лейлек районунун Максат айылында жаңы турак үйлөрдүн курулушуна бүгүн, 13- майда капсула салды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жетекчилер курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө ишти ыкчам жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшыруу менен аймакта калыбына келтирүү, курулушту жүргүзүү жаатында уюштуруу иштерине, жергиликтүү бийлик тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөрүн билдирди.

Тажик аскерлеринин кол салуусунан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу чатыр тигилген. Электр энергиясы калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.

Максат айылында 288 кожолук жашайт. Айылда тажик тараптын кол салуусунан бир жаран үйү менен кошо өрттөнүп каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM