Биз менен байланышыңыз

Миргүл Молдоисаева Кыргызстандын БУУдагы өкүлү кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 355 | 0

Миргүл Молдоисаева Американын Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун астындагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул Президенттин сайтына жарыяланды.

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун астындагы туруктуу өкүлү кызматына Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бара турганы айтылып, анын талапкерлиги тиешелүү комитетте жактырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM