Биз менен байланышыңыз

«Улуу Жибек жолундагы Ош шаары» бизнес-форуму болуп өттү

Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 836 | 0

«Ош шаары — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору — 2019» эл аралык долбоорунун алкагында «Улуу Жибек жолундагы Ош шаары» бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Форумга Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дуйсен Касеинов, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан өлкөлөрүнөн келишкен өкүлдөр, жергиликтүү ишкерлер, туристтик компаниялар катышышты.

Бизнес-форумда турзимди өнүктүрүү, айрыкча кышкы туризмди өнүктүрүүнү колго алуу, бул багытта активдүү аракеттерди көрүү маселелери айтылды. Ошондой эле, туризм тармагындагы ТҮРКСОЙ уюмуна кирген мамлекеттер аралык кызматташтык, Ош облусуна инвестиция тартуу маселелери айтылды.

Форумдун жыйытыгында, Ош облусунда жана Ош шаарында 2019-2023-жылдарга карата туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны кабыл алуу туурасында сунуштар жана иш-чаралардын түзүлүшү маалымдалды.

Бизнес-форум Орусиянын каржылоосунда  БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Ош облусунун интеграцияланган өнүгүүсү» программасы, Германиялык «Хельветас» эл аралык кызматташуу боюнча коому, «Дестинация — Ош» коомдук фондусу жана Ош шаарынын Ишкерлерди колдоо борбору тарабынан колдоого алынды.

Copyright © 2017 Maral FM