Биз менен байланышыңыз

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык 108 адамга берилген

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 699 | 0

Жогорку Кеңештин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу токтому бүгүн жалпы жыйында каралып, депутаттар колдоп беришти.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык — чыгармачыл инсандардын мыкты чыгармалары үчүн адабият, маданият жана архитектура тармагы боюнча үч жылда бир жолу ыйгарылуучу сыйлык. Ал 1965-жылы негизделип, 1967-жылдан тартып бериле баштаган.

Алгач Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-жылы 20-ноябрдагы токтому менен «Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы» болуп бекитилген, кийин Кыргыз Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-январындагы токтому менен «Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы» болуп өзгөртүлгөн.

Мамлекеттик сыйлыкка тарбиялык мааниси мыкты, көркөмдүк баасы жогору чыгармаларды жараткан адамдар көрсөтүлөт. Атайын 25 кишиден турган комиссиянын чечими менен 3 турда каралып, андан өткөн эмгектерге сыйлыктар тапшырылат. Белек катары 100 миң сом кошуп берилет.

Бул сыйлык уюштурулгандан 1989-жылга чейин 11 жолу тапшырылып, 61 адам алса, 1995-жылдан 2017-жылга чейин 10 жолу берилип, 47 адам алган. Бардыгы болуп Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык 108 өнөр адамына берилген.

Copyright © 2017 Maral FM