Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атадагы реабилитациялык борборго президенттин фондунан 3 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 372 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын балалык» реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафонуна катышты.

Президент Садыр Жапаров резервдик фондунан 3 миллион сом бөлүп берди. Март айында Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен борбордо болуп, мекеменин имаратын бүтүрүү тапшырмасын берген.

Учурда имараттын бир бөлүгүн араб өлкөлөрүнүн фонду, бир бөлүгүн «Кумтөр Голд Компани» курууда. Мындан сырткары демөөрчүлөрдөн, кайдыгер эмес жарандардан жана бардык каалоочулардан каражат тартуу үчүн марафон өткөрүү чечими кабыл алынган.

«Алтын балалык» реабилитациялык борбору 500 бейтапка эсептелген жана келечекте кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Учурда эки бөлүм иштеп жатат. Кардиохирургиялык бөлүм ачылып, 5 операция жасалды.

Борбордун имаратынын курулушу 2000-жылдары башталып, дубалы тургузулуп, бирок 2005-жылы токтоп калган.

Copyright © 2017 Maral FM