Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министри ваучердик системаны түшүнбөйт

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 1855 | 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып, билим берүүдөгү ваучердик система дегенди биринчи жолу угуп жатканын айтты.

Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев президент билим берүү системасына ваучердик системаны киргизүү тапшырмасын бергенине бир жыл болгонун, андан бери эмнеге ишке ашпай жатканын сурады.

«Сиз министр катары ваучер деген эмне экенин билесизби, айтып бериңизчи? Президент инаугурациясы учурунда ушул системаны киргизели деп айтпады беле?» — деп сурады депутат.

Министр Купешев бул жөнүндө биринчи жолу угуп жатканын айтты. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров ваучер эмне экенин билерин айтып, министрдин ордуна жооп берүүгө аракет кылды.

Бирок депутат мындай команда менен кайсы жакка барарын Жапаровдон сураганда, ал «жакшы жакка барам» деп жооп берди. Ошондой эле ваучердик системаны түшүнбөгөндөргө түшүндүрүлөрүн, же ордуна башка келиши мүмкүн экенин кыйытты.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 5-майында Конституция күнүндө элге кайрылуу жасап, өлкөдөгү жалпы билим берүү системасын реформалоо зарылдыгын айткан. Ошол кайрылуусунда ар бир баланы жетишкендигине карап каржылоого өтүү, тактап айтканда ваучердик системаны ишке киргизүү керектигин жарыялаган.

«Мектеп бүтүрүүчүлөрү мезгил талабына жараша жөндөмгө жана билимге ээ болушу шарт. Инновациялык технологияларды колдонуу менен мектепке чейинки билим берүү рыногун өнүктүрүү зарыл. Салттуу балдар бакчалары менен катар, балдарды өнүктүрүү борборлорун ишке киргизүү керек. Адистештирилген кыргыз лицейлерин түзүү менен, өзүбүздүн улуттук моделибизди издейбиз. Билим берүү тармагын толук реформалап, ар бир баланы жетишкендигине карап каржылоого өтүү, тактап айтканда ваучердик системаны ишке киргизүү керек», — деп белгилеген өлкө башчы.

Ваучердик система боюнча макаланы окуңуз:

Өлкөгө ваучердик системаны киргизүү шартпы?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM