Connect with us

Өлкөгө ваучердик системаны киргизүү шартпы?

Блог , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 2218 | 0

Дүйнөдө билим берүү тармагында ваучердик каржылоо системасы деген тажрыйба бар. Кыргызстанда бул жаатта көп жолу сөз болгону менен ишке кире элек. Ваучердик каржылоо системасы бир гана билим берүү эмес, башка тармактар үчүн да колдонулат. Бул маселе боюнча «Китепстан» басма үйүнүн директору Бакытбек Абдуллаев менен маектештик.

Ваучердик каржылоо системасы дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп жүргөнү менен Кыргызстанда ишке кире элек. Ал кандай түшүнүккө ээ?

Ваучердик каржылоо системасы — билим берүү, саламаттыкты сактоо же башка тармак болсун, акчаны мектепке, ооруканага эмес, окуучуга жана студентке түз которуу кызматы. Ал кандай ишке ашат? Бүгүнкү күндө бизде билим берүү системасында бюджет мектепке бөлүнөт. Бир класста канча окуучу, канча мугалим бар экени каралбайт. Ал эми ваучердик системада каржы окуучуга түз берилет. Ал мамлекеттикпи, жеке менчикпи каалаган мектебине барууну өзү чечет. Тактап айтканда, тандоо эркиндиги болот.

Бул системанын аркасында сапат менен эмгек бааланабы?

Сапатты да жогорулатат. Мугалимдер эмгегине, сабак берүү сапатына жараша акча алат. Система бизде болбогондуктан, өзүнүн кесибин мыкты билгени да, билбегени да бирдей бааланып калып жатат. Чыныгы эмгекти эске алуу азыраак. Бул жерде атаандаштык да жаралбайт. Система ишке кирсе, окуучуларды көбүрөөк тартуу үчүн директорлор да жакшы мугалимдерди алууга кызыкдар болмок.

Өкмөт бул системанын иштешин кантип жолго салат? Ваучердик каржылоо системасына өтсөк, мамлекеттин мойнунда кандай жоопкерчилик калат?

Система жеке менчик мектептердегидей иштейт. Өкмөт көп деле аралаша бербейт. Жүгү жеңилдеп, ар кандай иштерге башын оорутпай калат. Анткени, жоопкерчилик мектептин директорлоруна жүктөлөт. Директор менеджер болушу керек. Жакшы башкара албаса, мектепке келген окуучулардын саны да азаят.

Эмне себептен биздин өлкө бул системадан карманып турат? Системага өтүү ошончо татаалбы?  

Мунун бир канча себеби бар. Системага бүгүнкү күнгө чейин бийлик тарабынан эч ким кызыкдар болбоду. Анүчүн бул кызматты түшүнүү абзел. Саясий эрк керек. Анан да жасоо керек. Бүгүнкү күндө шайлоолорго мугалимдер, директорлор аралашып, бара-бара өзүнүн негизги милдетин билбей жатышат. Жөн гана курал катары башка иштерге колдонулуп жатат. Системанын кириши менен бул нерседен дагы арылмакпыз.

Маекти алып барган: Түмөнбай Абдинаби уулу

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM