Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 10 миң 644 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 152 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавируска каршы 10 миң 644 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалыматтарында айтылат.

Анын ичинен 6 миң 478 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 166 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 864 миң 545 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 654 миң 185 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда 29-мартта жалпы эмдөө башталган.

Copyright © 2017 Maral FM