Биз менен байланышыңыз

«Ассанабил» фонду Жалал-Абадда бала бакча, ФАП, мектеп курууда

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 399 | 0

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Спикер Майлуу-Суу шаарына барып, жаңы түптөлө баштаган фельдшердик-акушердик пунктун пайдубалына капсула салды.

«Пандемия учурунда Майлуу-Суу шаарында да абал курчуп, медициналык мекемеге муктаждык пайда болгон. Буга байланыштуу Талант Мамытовдун демилгеси менен «Ассанабил» фонду ФАПтын курулушун баштоодо. Мэрия саламаттыкка кам көрүү жайы үчүн шаардагы ыңгайлуу аймактан жер тилкесин бөлүп берген»,-деп айтылат маалыматта.

Талант Мамытов Ноокен районундагы Киров айыл аймагында курулган бала бакчанын ачылышына да катышты. Айылда мектеп жашына чейинки 240 бала болгондуктан, бакча өтө зарыл болгон. Айыл тургундары Жогорку Кеңештин төрагасына кат менен кайрылышкан.  Талант Мамытов ошол эле «Ассанабил» фонду менен сүйлөшүү жүргүзүп, бала бакча курулган.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин төрагасынын колдоосу менен бул аймакка дагы 150 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM