Биз менен байланышыңыз

Дастан Бекешов парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышат

Кыска кабар | 6 Окт 2021 | 481 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн БШКга арыз калтырды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Дастан Бекешов Бишкек шаарынын №28 Октябрь округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн 108 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Copyright © 2017 Maral FM