Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көмүр сатуу пункттары уюштурулду (даректери)

Бишкектиктердин ыңгайлуулугу үчүн борбордо көмүрдү сатуучу пункттар, ошондой эле көмүр базалары иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында 6 отун базасы жана 7 пункт бар. Жакында шаарда дагы 35ке жакын пункттар ачылат.

Ленин районунда төрт отун базасы бар:

— «Ак-Жол» ЖЧК (Мурман көчөсү № 1а);

— «Торг-Синтез» «Кара-Жыра» ЖЧК (Мурман көчөсү №59а);

— «Береке» ЖЧК (Мурман көчөсү № 259);

— «Беш-Сары» ЖЧК (Мурманкөчөсү №186).

Октябрь районунда:

— «Торг-Синтез» ЖЧК («Төкөлдөш» конушу, «Аламүдүн» станциясында).

Свердлов районунда:

— «Восход и К» ЖЧК (Достоевский көчөсү №1).

Ленин районунда:

— Пушкин көчөсү №182;

— Гагарин көчөсү  № 67;

— Баррикадный көчөсү №2.

Свердлов районунда:

— «Учкун» жаңы конушу;

— Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;

— «Келечек» конушу;

— «Ак-Бата» конушу.

Copyright © 2017 Maral FM