Биз менен байланышыңыз

Президент Октябрь окуясы тууралуу: Бул жеңиш — жалпы элдин жеңиши болду

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 1062 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болуп, адилетсиздик орун алгандыгына байланыштуу, шайлоочулардын нааразычылыктары күчөп, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы катуу коюлганын, ага өз учурунда жооп берилбегендиктен, нааразы болгон эл бийликти кулатууга мажбур болгондугун белгилеген.

Президенттин айтымында мындай жагдайдын пайда болушуна 2010-жылы Конституциянын редакциясынын парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүүсү себеп болгон.

«Себеби 2010-жылдагы Конституциянын редакциясы пропорционалдык шайлоо системасын киргизип, тилекке каршы шайлоолор жабык тизме менен өткөн. Бул система саясий коррупцияга жагымдуу шарттарды жараткан. Натыйжада саясий партиялардын лидерлери жабык тизмени кызылдай эле соодалап, шайлоодо добуштарды сатып алуу күчөгөн. Бул саясий коррупция андан ары уланып, Өкмөттү түзүү укугуна ээ болгон парламент министрлик портфелдерин бөлүшүп, Өкмөттүн, дегеле аткаруу бийлик бутагынын өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, талкалаган. Элдин алдындагы жоопкерчилик дээрлик жоголгон. Парламент Өкмөткө, Өкмөт болсо, кайра парламентке түртө салып, Президент эч нерсе болбогондой мамиле кылып отуруп жоопкерчиликти эч бир бийлик бутагы алгысы келбей калган. Бардык бийлик бутактарынын легитимдүүлүгү күмөн жараткан абалга кептелген. Конституциянын биринчи эле беренесиндеги “бийликтин ээси эл” деген негизги принцип одоно бузулган. Ошол күндөрү жарандык араздашуунун оту тутанып, мамлекеттин кыйрашын шарттайт деген кооптонуулар менен коштолуп, душмандарыбыз сүйүнүп, досторубуз күйүнүп турган» .

Президент ошондой эле Октябрь окуясында курман болгон Үмүтбектин жана башка жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө таазим этип, көңүл айткан.

Мындан сырткары Жапаров өлкөдө стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн тез аранын ичинде тийиштүү чараларды көрүүгө туура келгендигин белгилеп, стабилдүүлүктү сактап кала алгандыгын айткан.

«Элдин талабы боюнча мурдагы бийлик отставкага кетти жана өлкө Конституциясында белгиленген тартипте жаңы Өкмөт түзүлдү. Бул ХХI кылымдын башындагы Кыргызстанда болгон ири бурулуш окуялардын бири экенинде шек жок. Бул жеңиш — жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду. Элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөбүздө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирди. Жаңы бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт деген сандырак кептер четке кагылды. Бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашуулар толугу менен аткарылууда» — деп белгилеген президент.

Кайрылуусунун аягында алдыда жооптуу милдеттер тургандыгын белгилеп, элдин жашоо-деңгээлин көтөрүүгө, адилеттүү коом курууга багытталган жолдон тайбай тургандыгын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого нааразы болгондор 5-октябрда митинг уюштурган. Милиция митингге чыккандарды күч менен таратууга аракет кылган. Митингге чыккандарды таратуу учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM