Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 225 | 0

Кыргызстанда 1- октябрга карата коронавирус 76 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 42, Ош шаары — 1, Чүй облусунда – 20, Талас облусу — 2, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусу – 3  адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 99 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 436 бейтап, амбулатордук түрдө 779 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 608 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 305 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM