Биз менен байланышыңыз

Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна барат

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 766 | 0

Улуттук банктын төрагалыгынан кетип жаткан Толкунбек Абдыгуловдун кайсы кызматка барары белгилүү болду. Ал Жогорку Кеңештин 29-сентябрындагы жыйынында депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барарын айтты.

«Менин кызматтан кетишимде эч кандай саясий басым болгон жок. Буга чейин айткандай эле, президент мага башка кызмат сунуштады. Кайсы кызматка барарым белгисиз болуп жаткан. Бирок азыр эле маалымат беришти. Мен президенттин буйругу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барам»,-деди Абдыгулов. 

Бүгүн парламент депутаттары Абдыгуловдун отставкасын талкуулап жатат.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан 2017-жылдын август айына чейин жетектеген. 2017-жылдын августунан ноябрь айына чейин биринчи вице-премьер-министр, 2017-жылдын 23-ноябрынан тарта вице-премьер-министр болгон.

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) – эл аралык валюталык-каржы уюму, БУУнун адистештирилген мекемеси.

Эл аралык сооданын жана валюталык кызматташтыктын өнүгүшүнө көмөктөшүү менен валюталык курстарды жөнгө салуунун ченемдерин аныктайт жана алардын сакталышын көзөмөлдөйт.

Copyright © 2017 Maral FM