Биз менен байланышыңыз

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетти

Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 1085 | 0

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетти. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

Улуттук банктын басма сөз кызматы маалыматты тастыктай элек.

Мыйзам боюнча Улуттук банктын төрагасын отставкага кетирүү маселесин Жогорку Кеңеш кабыл алат. Ошол эле учурда төрага өз арызы менен кызматтан кете алат, бирок ал бул тууралуу парламентке билдириши керек.

Акыркы убакта Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Толкунбек Абдыгуловдун дарегине сындар айтылып келген.

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылдын август айына чейин Улуттук банкты жетектеген. 2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер-министр, 2017-жылдын 23-ноябрынан тарта вице-премьер-министр болгон.

Абдыгулов 1976-жылы 7-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган.

1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин «Экономика боюнча эл аралык мамилелер» адистигин аяктаган. 1999-жылы «Банк иштери» адистиги боюнча магистратурада окуган.

2005-жылы Япониянын Нагойи университетинде «экономикалык өнүгүү» боюнча билим алган. Ошондой эле Түндүк Техас (АКШ) университетинде «мамлекеттик башкаруу» адистигин (магистрлик даража) аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1997 — 2003 — экономист, улук экономист, Улуттук банктын Инвестиция жана техникалык жактан координациялоо дирекциясынын жетектөөчү экономисти;
  • 2005 — Улуттук банктын каржы бөлүмүнүн жетектөөчү экономисти;
  • 2005–2006 — Улуттук банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы экономисти;
  • 2006–2006 — «Маалыматтык келечек» коомдук комитетинин директору;
  • 2007–2008 — Чыгыш Европа жана Дүйнөлүк банктын Борбордук Азиядагы департаментинде консультант;
  • 2008 — Борбордук Азиядагы Америка университетинде экономика кафедрасынын улук окутуучусу;
  • 2008–2009 — КРдин президенттик администрациянын экономика жана социалдык-саясий экономика бөлүмүнүн эксперти;
  • 2009–2010 — Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттиктин стратегия жана программа кызматынын жетекчиси;
  • 2010 — Экономиканы жөнгө салуу министрлигинде статс-секретардын убактылуу милдетин аткаруучусу;
  • 2010–2014 — Өкмөттүн аппаратында экономика жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2014–2017 — Улуттук банктын төрагасы;
  • 2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер-министр;
  • 2017-жылдын 23-ноябрынан тарта вице-премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM