Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок

Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 296 | 0

Кыргызстанда 23-сентябрга карата коронавирус дагы 95 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында – 44, Ош шаары -2, Чүй облусунда – 20, Нарын облусунда – 4, Талас облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусу — 3 адамдан табылган.

Ал эми бир суткада 96 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 553 бейтап, амбулатордук түрдө 850 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 36 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 565 киши айыгып чыкса, 2 миң 595 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM