Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын парламенттик делегациясы «Ата-Бейитке» зыярат кылды

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 326 | 0

Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева менен бирге «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, Чынгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүлчамбар койду. Залкар жазуучунун жаркын элеси эскерилип, анын арбагына багышталып куран окулду.

Ошондой эле Өзбекстандан келген парламенттик делегация Чынгыз Айтматовдун үй музейине да болушту. Коноктор жазуучунун басып өткөн чыгармачылык жолу, иш бөлмөсү менен таанышты.

Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева улуу жазуучу, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов бир гана кыргыз элинин эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн, анын ичинде Өзбекстандын да сыймыгы экенин белгилеп, үй-музейдеги эстелик китепке кол тамгасын калтырды.

Copyright © 2017 Maral FM