Биз менен байланышыңыз

Битикчи: Уранды экологияга зыяны жок кылып казуу боюнча технология жок

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 602 | 0

2019-жылы Бишкекте уран казууга каршы өткөн митингдин уюштуруучусу, тарыхчы Элери Битикчи ошол кезде бүгүнкүдөй эле себептерден уранды казууга каршы чыгышканын айтып, Өкмөт өзү буга чейин казылып, калдыгы калган туюк жайларды сактай албай, чет өлкөлүк донорлордон акча сурап жүргөнүн эскертти.

Битикчи белгилегендей, урандын кесепети миңдеген жылдарга созулуп, келечек муундун негизги көйгөйүнө айланат. Ошол эле учурда ал бийликтин уранды жаңы технология менен экологияга зыяны жок кылып казуу боюнча айтканына ишенбейт. Ал аны 100% калп деп эсептейт.

«Мына казабыз, экологияга эч кандай зыяны болбойт» дегендин баары калп. Бүт жакта баары урандын зыянын, кандай кесепеттерди алып келе турганын билет. Себеби, андай технология жок, радиациядан эч ким сактай албайт, калдыктар калат. «Экологияга зыян бербейт» дегенге эч кандай кепилдик жок. Бардык тоо-кенди иштетүү экологияга зыян берет. Тоодогу 1-2 см топурактын калыптанышы үчүн миңдеген жыл керек. Бир эле күрөк менен казганыңдын өзү зыян. Бул жерде уранды казууга кайра уруксат берүүнүн көтөрүлүп жатышы коррупция деп ойлойм. Уран каякка иштетилет? Атомдук электр станциясына, ядролук курал-жаракка керектелет. Ошонун баары мамлекетке кетет, ошол эле учурда ошол тармакта чоң коррупция бар. «Орусия менен чогуу коррупциялык иштерди кылабыз» деп жатышат окшойт. Себеби Орусияда да коррупция өнүккөн. Мен ошону эле көрүп жатам. Орусия менен чогуу ишке ашыра турган коррупциялык долбоор дагы пайда болуп калган го… Аны ишке ашыруу үчүн булар дагы деле кыялданып жүрүшөт го… Бирок биз буга такыр жол бербейбиз».

Экологдордун айтымында, Советтер Союзунун тушунда — 1940-жылдан 1960-жылга чейин Кыргызстанда уран байма-бай казылып келген. Анын калдыктарын сактоочу жайлар ачылган. Ошол кездеги казылган уран калдыктарынын зыяны бүгүнкү күнгө чейин кесепетин тийгизип келет. Уран — табиятка, мал-жандыктарга, элдин ден соолугуна өтө зыяндуу. Калдык сактоочу жайлар табигый кырсыктардын негизинде бузула турган болсо, анда экологиялык чоң коркунучту пайда кылат. Окумуштуулардын айтымында, уулуу заттардын экологияга келтирген зыянын кайра калыбына келтирүгө 100 жыл талап кылынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM