Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 2 бейтап каза болуп, дагы 81 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 254 | 0

Кыргызстанда 15-сентябрга карата коронавирус дагы 81 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында – 32, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда –17, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда – 3 адамдан табылган.

Ал эми бир суткада 117 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 603 бейтап, амбулатордук түрдө 978 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 389 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 767 киши айыгып чыкса, 2 миң 578 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM