Connect with us

Акыркы суткада коронавирустан 3 бейтап каза болду

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 358 | 0

Кыргызстанда 10-сентябрга карата коронавирус дагы 100 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында – 49, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда — 2, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 5 адамдан табылган.

Ал эми бир суткада 132 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 690 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 94 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 180 киши айыгып чыкса, 2 миң 566 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM