Биз менен байланышыңыз

Мамытов Австриянын Федералдык Кеңешинин президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 193 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Австриянын Вена шаарында өтүп жаткан Дүйнө спикерлеринин V конференциясынын алкагында Австриянын Федералдык Кеңешинин президенти Петер Раггл менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар саясий жана башка кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү маселесин талкуулашты.

Талант Мамытов Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин жана мурда кол коюлган эки же көп тараптуу эл аралык келишимдерди аткара турганын айтты.

Ал эми Петер Раггл Кыргызстандын парламенттик демократиясы Австриянын саясий чөйрөлөрүндө чоң кызыгууну жаратып жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM