Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 97 кишиден табылып, 4 адам каза болду

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 343 | 0

Бүгүн, 8-сентябрга карата 97 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 47, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда – 2, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 4 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 166 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 4 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 721 адам, ал эми амбулатордук түрдө 1134 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 176 миң 779 учур катталды. Анын ичинен 170 миң 911 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 557 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM