Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 4 адам каза болуп, дагы 109 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 6 Сен 2021 | 247 | 0

Бүгүн, 6-сентябрга карата 109 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 36, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 31, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 1 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 101 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 4 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 845 адам, ал эми амбулатордук түрдө 1109 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 176 миң 582 учур катталды. Анын ичинен 170 миң 624 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 554 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM