Биз менен байланышыңыз

Чүйдө жол кырсыгынан бир адам жабыркады

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 511 | 0

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында Кең-Булуң айылында Subaru Outback жана Лексус 570 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Куткаруучулар жабыркаган жаранды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токмок шаардык бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган.

Учурда жабыркаган жарандын аты-жөнү такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM