Биз менен байланышыңыз

УКМКнын Сузак райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 780 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Сузак райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү. Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Райондук бөлүм буга чейин эскилиги жеткен, ыңгайсыз имаратта иштеп келген. Жаңы жайда УКМК кызматкерлери үчүн зарыл болгон бардык техникалык каражаттар камсыздалган.

УКМК башчысы Ташиев кызматкерлерге мындан ары да жетиштүү шарттарды түзүп берүү аракети уланарын, жакынкы күндөрү дагы бир катар райондук бөлүмдөргө жаңы имараттар тапшырылаарын билдирди.

Керектүү жумуштук шарттарды тузуп берүү менен катар, коопсуздук комитетине коюлган кызматтык милдеттерди аткарууну талап кылуу да күчөтүлгөнү белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM