Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.
Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:
— Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
— Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;
— Коопсуздук кеңешинин катчысы;
— Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
— Жогорку Кеңештин төрагасы;
— Министрлер кабинетинин төрагасы;
— Президенттин администрация башчысы;
— мамлекеттик катчы;
— башкы прокурор;
— коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
— тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
— өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
— ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
— улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.