Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөн катализаторлорду ташып чыгууга жарым жылга тыюу салынды

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 156 | 0

Кыргызстанда мурда пайдаланылган катализаторлорду ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Тактап айтканда, Кыргызстандан катализаторлорду, металлдарды камтыган шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды, баалуу металлдардын же баалуу металлдар менен капталгандардын калдыктарын жана сыныктарын, катализаторлор бар болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн сыртка сатууга болбойт.

Убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдардын абага булгануусун азайтуу менен адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого багытталган.

Бажы жана чек ара кызматтарына көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды

Copyright © 2017 Maral FM