Биз менен байланышыңыз

Марипов өлкөдөгү ири ишкерлер менен жолугушту

Кыска кабар | 21 Фев 2021 | 1207 | 0

Бүгүн, 21-февралда премьер-министр Улукбек Марипов ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу экономист, ишкер Темир Ажыкулов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Ажыкуловдун айтымында, жолугушуу кызыктуу жана пайдалуу болуп, көп маселелер ачык айтылып талкууланган.

«Чынында ачык, айтылган темаларды түшүнүп, жакшы сунуштарды айтып атты. Чогуу колдойлу» , — деп жазган Ажыкулов.

Жолугушууга ири ишкерлер Аскар Салымбеков, Бабур Төлбаев, Жоодар Омошев жана башкалар катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM