Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары жолугушту

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 872 | 0

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов жолугушту. Бул тууралуу Марипов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды.

Анда ал республиканын чек арасындагы конфликттик абалды сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даяр экенин билдирген.

Чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши керектигин жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында  ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирлер айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM